Жаңылыктар
Кең-Булуң автожол өткөрүү жайы пайдаланууга берилди
Экономика
 Кең-Булуң автожол өткөрүү жайы пайдаланууга берилди

Чүй облусунун кыргыз-казак чек арасындагы толук модернизациядан өткөрүлгөн Кең-Булуң автожол өткөрүү жайы пайдаланууга берилди. Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке ыңгайлашуусунун алкагында ачылган чек ара көзөмөл өткөрүү бекетинин расмий ачылыш салтанатына премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышты. 

Өкмөт башчы өз сөзүндө чек ара өткөрүү жайлары жеке эле Кыргызстандын гана эмес бүтүндөй ЕАЭБдин чек арасы экенин белгиледи. Бул аракеттер Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүгүн мындан да арттырып өлкө экономикасын чыңдоого жана туризм тармагын өнүктүрүүгө түрткү берет- деди Сооронбай Жээнбеков. Эл аралык талаптарга шайкеш келтирилген чек ара көзөмөл өткөрүү жайынын кубаттуулугу да эки эсе жогорулатылды. Эгер буга чейин бул бекет аркылуу күнүнө 300 автоунаа өткөрүлсө, учурда суткасына 700 автоунааны жана 7 миңге чейинки жарандарды тейлөөгө шарт түзүлдү.

“Бул иштердин баары ЕАЭБдин алкагында жасалып жатат. Албетте Кыргызстан бул жумуштарды ЕАЭБдин алкагында аткаруу боюнча милдеттерди алганбыз. Бюджеттен каражат бөлүндүү каражат бар", - деди премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.