Жаңылыктар
ЕАЭБдин жаңы мүмкүнчүлүктөрү талкууланууда
Экономика
ЕАЭБдин жаңы мүмкүнчүлүктөрү талкууланууда

Бишкекте аймактарды өнүктүрүүдө ЕАЭБдин жаңы мүмкүнчүлүктөрү деген аталышта практикалык конференция өтүп жатат. Аны өкмөт уюштуруп, мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, бизнес коомчулук жана эл аралык эксперттер катышууда. Анда ЕАЭБ келишимдеринин жайылтылышы талкууланууда. 

Иш-чаранын максаты - өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө Евразия экономикалык биримдигинин шартына ылайыкташтыруу үчүн жаңы өзгөртүүлөр, ЕАЭБ аймагында эркин товар жайгаштыруу жана эмгек ресурстарын жайылтуудагы жаңы шарттар тууралуу маалымат жеткирүү. Ошондой эле, ЕАЭБ базарына аймактардагы товарларды эркин жайгаштыруудагы тоскоолдуктарды жоюу маселелерин талкуулоо. Конференция ишин 9-июнда жыйынтыктайт.

“Бизде айыл чарба азыктарын чыгарууга мумкунчулуктор бар, бирок ошол эле маалда тоскоолдуктар да бар”,- деди өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев.