Жаңылыктар
Текебаев менен Чотоновдун иши боюнча сот отуруму белгисиз мөөнөткө жылды
Кыргызстан жаңылыктары
Текебаев менен Чотоновдун иши боюнча сот отуруму белгисиз мөөнөткө жылды

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун иши боюнча соттук отурум белгисиз мөөнөткө жылды. Бүгүн, 8-июнда Биринчи май райондук сотунда уланган процессте адвокаттар Чотоновдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч келтиришкен, бирок мамлекеттик айыптоочулар Чотоновго коюлуп жаткан айып оор экенин, ал бош жүрүп, күбөлөргө таасир этиши ыктымал деген жүйө менен бул өтүнүчтү канааттандырбоого чакырды. 

Судья өтүнүчтү четке кагып, жактоочуларга бул боюнча шаардык сотко кассациялык арыз жазууга укуктары бар экенин түшүндүрдү. Ошондой эле, сот бүгүн отурумду фото жана видео тасмага тартууга тыюу салуу боюнча буга чейин кабыл алынган чечимди күчүндө калтырды. 

Адвокаттар Бишкек шаардык сотуна кайрылгандыгына байланыштуу Биринчи май райондук соту отурумду белгисиз мөөнөткө жылдырды. Өз кезегинде мамлекеттик айыптоочулар Текебаев менен Чотоновдун жактоочулары сот процессинин мөөнөтүн атайылап созууга далалат жасап жатышканын, бирок ар бир арыз, өтүнүч өз убагында караларын белгилешти.