Жаңылыктар
Авиакырсыктан жабыркагандар Антальяда эс алышат
Кыргызстан жаңылыктары
Авиакырсыктан жабыркагандар Антальяда эс алышат

Чүй облусунун Дача-Су айылындагы «Боинг-747» учагынын кыйрашынан каза болгондордун туугандары Түркиянын Анталья шаарына эс алууга кетишти. Бул биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев башында турган өкмөттүк комиссиянын түрк тарап менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы. 

Эс алууга кеткен 39 жарандын чыгымдарын түрк тарап өзүнө алды. Биринчи вице-премьер-министр компенсациялар төлөнүп берилгенден кийин түрк тарап менен биргеликте, берилген компенсациялар жана жарандардан түшкөн каражатты бөлүштүрүү тууралуу кеңири отчет берилерин айтты. 

Абулгазиев бул жолку эс алуу болуп өткөн окуядан кийин стресстен арылып, жеңилдөөгө жардам берерине ишеним артарын билдирди. Бир жумалык эс алууда маданий программалар, реабилитациялык бөлүк жана муктаж болгондорго психологиялык жардамдар каралган. Бул аралыкта Туркияга кеткен каза болгондордун туугандарын жана жабыркагандарды эки медицина кызматкери, бир психолог жана жооптуу бөлүмдөрдүн кызматкерлери коштоп жүрөт.