Жаңылыктар
Чүй облусунда дзюдо боюнча өспүрүмдөрдүн биринчилиги башталды
Спорт
Чүй облусунда дзюдо боюнча өспүрүмдөрдүн биринчилиги башталды

Чүй облусунун Сокулук шаарчасында дзюдо боюнча өспүрүмдөрдүн биринчилиги башталды. Турнирге өлкөнүн баардык аймактарынан жаш улан кыздар келип күч сынашып жатат. 

Дзюдо федерациясынын маалыматына ылайык, жаш спортчулардын арасынан мыктылары тандалып, октябрь айында Индияда өтчү дзюдо спорту боюча Азиянын биринчилигине жолдомо алышат. 

Алгач ар бир салмак менен 3 өспүрүм тандалып, жалпы 25 адам курама командага топтолот. Алардын ичинен дагы чеберчилигин көрсөтө алган 9 өспүрүм Азия мелдешине катышууга суурулуп чыгат. 

Адистердин айтымында, акыркы жылдары бул спорттун түрүнө кызыккан жаштардын саны арбыган.