Жаңылыктар
"Кең-Булуң-Автожол" өткөрүү жайы пайдаланууга берилди
Чек ара
 "Кең-Булуң-Автожол" өткөрүү жайы пайдаланууга берилди

Мына ушул ЖККУ менен Кыргызстан терроризм, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү менен күрөшүү сындуу багыттагы иштерде жемиштүү иштешүүдө. Чек ара демекчи, кыргыз-казак чек арасындагы жаңы курулган "Кең-Булуң-Автожол" өткөрүү жайы пайдаланууга берилди. 

Эл аралык талаптарга шайкеш келтирилген чек ара көзөмөл бекетинин эми эки эсе көп жаранды жана автоунааларды тейлегенге мүмкүнчүлүгү бар. Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке ыңгайлашуусунун алкагында ачылган чек ара көзөмөл өткөрүү бекетинин расмий ачылыш салтанатына премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышты.

Жаңы ачылган "Кең-Булуң-Автожол" өткөрүү жайы мындан ары ушул заманбап имаратта ишин улантат. Мында жарандарды тейлөөгө баардык шарт түзүлгөн. Биримдикке мүчө болгону Кыргызстан чек ара көзөмөл өткөрүү бекеттеринин инфраструктурасына өзгөчө маани берүүдө.