Жаңылыктар
ЕС менен БАнын саясат жана коопсуздук боюнча диалогунун отуруму өттү
Саясат
ЕС менен БАнын саясат жана коопсуздук боюнча диалогунун отуруму өттү

Бишкекте Европа Союзу менен Борбор Азиянын саясат жана коопсуздук боюнча жогорку деңгээлдеги диалогунун 4-отуруму өттү. Анын жүрүшүндө дипломаттар өз ара кызыкчылыктарды жараткан кенен тармактар боюнча ачык жана ишенимдүү пикир алмашышты. Борбор Азия жана Ооганстандагы коопсуздукту камсыз кылууда Кыргызстан бир катар сунуштарын берди.

Европа Союзу -менен Борбор Азиянын саясат жана коопсуздук боюнча жогорку деңгээлдеги диалогунун 4-отурумуна Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан тышкы иштер министрлеринин орун басарлары, өзгөчө конок болуп Ооганстандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү келди. Жыйынды Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев куттуктоо сөзү менен ачты.
Жарандардын билим деңгээлинин жогору болуусу - глобалдуу чакырыктар жана коркунучтарга каршы турууда негизги күч болоорун дипломаттар белгилешти. Ошондой эле отурумда талкууланган маселелер ушул жылдын октябрь айында өтө турган Борбор Азия жана Европа Союзунун өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда улантылаары айтылды.