Жаңылыктар
Турак-жайды камсыздандыруу зарыл
Кыргызстан жаңылыктары
Турак-жайды камсыздандыруу зарыл

Өзгөчө кырдаалдарда коопсуздукту камсыз кылуу - тийиштүү түзүмдөрдүн эле эмес, коомчулуктун дагы башкы максаты. Дегенибиздин себеби, Чоң-Алай өрөөнүндө болгон зилзала жер титирөөлөргө туруштук бергидей бекем үйлөрдү салуу зарылдыгын дагы бир сыйра эскерткендей болду. 

Турак-үйдүн бекем болуусу-коопсуздуктун кепили. Чоң -Алай районундагы жер титирөө- жаңыдан үй салуучуларды сейсмологдор менен архитектура кызматтары талап кылгандай тамдарды салууну эскерткендей болду. Бирок, бекем там тургузууга азыр үй салуучулардын басымдуу көпчүлүгүнүн чамасы жетпейт. Мындан улам, ар ким алына жана билген тажырыйбасына жараша үй салып жатышат.
Турак-жайларды милдеттүү камсыздандыруу 2015-жылы ишке кирген. Айыл жеринде жылына 600, шаардын тургундары турак-жайын камсыздандырыш үчүн жылына 1200 сомдон төлөөсү шарт. Белгилеп кетүүчү жагдай, быйылкы жылдын январынан тартып, ар кандай болуп кетүүчү табигый кырсыктарга мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн ссудалар мындан ары берилбейт.