Жаңылыктар
Эл ичиндеги биримдикти бекемдөөгө ар улуттан куралган үй-бүлөнүн салымы чоң
Кыргызстан жаңылыктары
Эл ичиндеги биримдикти бекемдөөгө ар улуттан куралган үй-бүлөнүн салымы чоң

Өлкөдө ар улуттун өкүлдөрү ынтымакта өмүр сүрүп,бири-бирине кыз беришип, эл ичиндеги биримдикти дагы да бекемдеп келишет. Ал эми, Нарын облусунун кыргыз кызы Тажи Муратова, өзбек улутундагы Вахапжан Муратовго турмушка чыгып, экөө Жалал-Абад шаарында бирге өмүр сүрүп келе жатканына быйыл 43 жыл толду. Карылыктын бакытын сүрүп баштаган каармандар учурда 11 неберинин чоң ата,чоң энеси болуп турган чагы.

Пенсия жашындагы Тажи Муратова менен Вахапжан Муратовдун күнүмдүк эрмеги короо алдына эгилген жашылча жемиштерге кам көрүү менен өтөт. Тажи Муратованын айтымында,кышка сакталуучу жашылча жемиштен даярдалган тамак-аштын баары ушул бакчадан чыгат.

Вахапжан Муратов, өмүрлүк жолдошун аскерден келгенден кийин жолуктуруп калганын айтат. Кыргыз кызы Тажи айым, Нарын шаарында таенесинин колунда өскөн.Кез-кезде Жалал-Абад шаарында жашаган ата энесинин үйүнө келип турган.Ошентип отуруп аскерден келген жолдошу менен таанышып,баш кошуп калышкан.Айтымында өзбек улутундагы жигитке турмушка чыгууга ата энеси көп деле каршы болгон эмес.

Азыр Вахапжан аксакал менен Тажи айым 2 уул жана 2 кыздын ата энеси,11 неберенин бактылуу чоң ата,чоң энеси болуп турган чагы. Көчүлүккө белгилүү болгондой,Жалал-Абад облусунда 80 ден ашуун улуттун өкүлдөрү ынтымакта жашап келет. Облус тургундарынын айтымында,акыркы жылдары эл ичиндеги биримдик жана ынтымак бекемделип баратканы байкалууда. Жергиликтүү тургундар, көп улуттун ынтымагын,эл ичиндеги биримдикти бекемдөөгө ар улуттан курлаган үй-бүлөлөрдүн салымы чон экенин айтышат.