Жаңылыктар
Түнкүсүн жарамазан айткан өспүрүм балдар кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Түнкүсүн жарамазан айткан өспүрүм балдар кармалды

Бишкекте чоң жолго жакын кооптуу жайларда түнкү 11ден кийин да жарамазан айтып жүргөн өспүрүм балдар кармалды. Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы “Өспүрүм - Жай” аталышындагы атайын рейд уюштуруп, түнкүсүн көчөдө жүргөн жалпы 106 өспүрүмдү кармашкан. 

62 бала ата-энесинин колуна тапшырылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 37 бала ИИМдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнө, калган жетөө балдар реабилитациялык борборуна жеткирилди. Аталган рейд борбор калаанын райондук администрацияларынын жардамы менен уюштурулган.

"Ата-энелер, чоң кишилерден суранат элек. Милицияга, айрыкча өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясына жардам бериңиздер. Балдарды түнкү убакта көчөгө жалгыз чыгарбаңыздар. Бул эң эле кооптуу. Ансыз деле балдар дайынсыз жоголуп жатат",- деди Свердлов райондук өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын башчысы Аалы Баймунов.