Жаңылыктар
ЕАЭБге интеграция болуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү ачылат
Экономика
ЕАЭБге интеграция болуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү ачылат

Үстүбүздөгү жылы ЕАЭБге интеграция болуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү ачылат. Бул туурасында “Аймактарды өнүктүрүүдө  ЕАЭБтин мүмкүнчүлүктөрү” деп аталган конференцияда белгилүү болдуИш-чарада Евразия экономикалык биримдигинин шартына ылайыкташуу үчүн жаңы өзгөртүүлөр, ЕАЭБ аймагында эркин товар жайгаштыруу жана эмгек ресурстарын жайылтуу, тоскоолдуктарды жоюу маселелери  талкууга алынды. Конференцияны Кыргыз өкмөтү уюштуруп, мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, бизнес коомчулук жана эл аралык эксперттер катышты. 

Конференциянын жүрүшүндө Кыргызстан 2017-жылы экономикалык интеграцияны тереңдетүү максатында  ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосундагы соода алмашуудагы тоскоолдуктарды алып салуу жаатында бекем иштей турганы белгилүү болду.  Бул өлкөнүн негизги тапшырмаларынан болуп саналаары белгиленди.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"