Жаңылыктар
Президент А. Атамбаев Казакстанга иш сапар менен барды
Саясат
Президент А. Атамбаев Казакстанга иш сапар менен барды

Президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын борбору Астанага жумуш сапар менен барды. Визит учурунда президент Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Андан тышкары, президент Алмазбек Атамбаев ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышып жаткан мамлекет башчылары менен бирге «ЭКСПО-2017» көргөзмөсүнүн ачылыш салтанатына катышат.