Жаңылыктар
Иранда жарандык согуш башталышы мүмкүн
Дүйнө
Иранда жарандык согуш башталышы мүмкүн

Ирандын борбору Тегеранда парламент имараты  жана Аятолла Хомейнинин күмбөзүнө кол салуу болду. 

Расмий Тегеран андан  12 адам   каза болгонун билдирди. Аны “Ислам мамлекети” террордук  уюмунун   согушкерлери ишке ашырганын моюнга алды.  

Тегерандагы террордук актыдан кийин, Иранда  таасирдүү Ислам революциясы  корпусу  аталган  күч  түзүмү бул боюнча  ДАИШ  жоопкерчиликти алганы менен ырайымсыз чабуулга Сауд Аравиянын катышы бар экени көрүнүп турат»-деп Эр-Риядды айыптаган. 

Ирандын тарыхында мындай террордук акт биринчи жолу болгонун белгилей кетели. Кененирээк аудиодон укса болот.

Тутан Мелисов, "Биринчи радио"