Кечээ Насирдин Исанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университетинин 25-жылдыгы белгиленди. Иш чарага КРнын вице-премьер министри Чолпон Султанбекова, Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов жана Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов ошондой эле ар кайсы өлкөлөрдөн 25 ректор катышты.
Көп жылдык улуттук салтты улантып Инженер-техникалык кадрларды даярдоо боюнча курулуш архитектура, экономика, мененджмент, экология, транспорт, жаңылануу жана маалыматтык технологиялар областында университет өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көрүнүктүү салым кошуп келет. КРнын вице-премьер минстри Чолпон Султанбекованын айтымында, бүгүнкү күндө Насирдин Исанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университети өлкөбүздүн алдыңкы окуу жайы болуп келатканын айтып, ЖОЖдун 25 жылдыгы менен куттуктап жылуу сөзүн айтты.
Өлкөнүн алдыңкы ЖОЖу эсептелингендей, университет динамикалуу өнүгүп жатат, заманбап материалдык-техникалык жана маалыматтык базасы, бириккен жана иштегенге жөндөмдүү профессорлук-окутуучулар курамы бар. КМШ ичиндеги Эл аралык курулуш ЖОЖ ассоциациясынын активдүү мүчөсү болуп, Бажы союзунун Бийликтер аралык келишим жана Биргеликтүү экономикалык мейкиндиктин негизиндеги гармониялашкан билим берүү стандарттар менен, окуу планы жана программалар, келишимдер негизинде жогорку квалификациялуу кадрларды даярдап келет. Окутуу 6 институттун жана 4 факультеттин 44 кафедрасында 64 адистик боюнча жана 18 багыттоо жолу менен өтүлүп жатат.
Тутан Валерий уулу “Биринчи радио”