Жаңылыктар
Астанада ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын жыйыны өттү
Саясат
Астанада ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын жыйыны өттү

Президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын борбору Астанага болгон жумушчу сапарынын алкагында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттеринин башчыларынын кезектеги жыйынына катышууда. Жыйын алгач тар чөйрөдө башталды. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев ШКУга мүчө мамлекет башчыларын кабыл алган соң протоколдук сүрөткө түшүү жөрөлгөсү орун алды. Андан cоң өлкө башчылары тар чөйрөдөгү жолугушууга өтүштү. 

Андан ары жыйын кеңейтилген курамда улантылып, президент Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөп, алгач коңшу өлкө президенти Нурсултан Назарбаевге жылуу кабыл алуу жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, аны менен катар эл аралык Экспо-2017 көргөзмөсүнүн ийгиликтүү уюштурулушу менен куттуктады. 

Алмазбек Атамбаев Шанхай кызматташтык уюмунун тарыхында жаңы барак ачылып жатканын белгиледи. Анткени, бүгүн Индия менен Пакистан Ислам мамлекетин уюмга толук укуктуу мүчө катары кабыл алуу иштери жыйынтыктоочу этапка келип жетти. Жыйында ошондой эле аймактагы коопсуздук, Ислам мамлекети радикал тобунун Борбор Азияга таасири, экстремизм, терроризмге каршы биргелешип аракеттенүү маселелери талкууланды. Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө соода-экономикалык кызматташтыкты натыйжалуу өнүктүрүү да аймакта туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга салым кошорун белгилеп өттү.