Жаңылыктар
Өкмөт башчы Нарындагы окуяны иликтөө тапшырмасын берди
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт башчы Нарындагы окуяны иликтөө тапшырмасын берди

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповго Нарын шаарындагы Борбор Азия университетинде болгон окуяны иликтөө максатында, бардык тиешелүү мамлекеттик органдардын катышуусунда жыйын өткөрүүнү тапшырды. 

Премьер-министр конфликтин катышуучуларына мыйзам чегинде баа берилиши керектигин баса белгиледи. Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага БАУ жетекчилиги менен биргеликте мындай окуяларды кайталабоонун үстүнөн иш алып барууну тапшырды. Ички иштер министри Улан Исраиловго коомдук тартипти сактоо жана мындай мыйзам бузууларга жол бербөөнүн, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуунун алдын алуу жана Нарын шаарындагы БАУда болгон окуяны жеке көзөмөлгө алууну тапшырды. 

Өкмөт башчы жергиликтүү тургундар бардык конфликтерди жеринде чечүүгө аракет кылышы керектигин билдирди. Эскерте кетсек, аталган окуу жайда окуган чет элдик студенттер менен жергиликтүү жаштар тобунун ортосунда чыр чыккан. Окуя боюнча милиция "бейбаштык" беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду.