Жаңылыктар
Ош окуясынын курмандыктары эскерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Ош окуясынын курмандыктары эскерилди

 

Каргашалуу Ош окуясындагы жоготуулар, анын өкүнүчү менен өксүгү, кайгысы менен капасы ар убак бизди этностор аралык мамилеге акыл эстүүлүк менен кылдат мамиле жасоого үндөп турат. Өтөөр иш өттү. Эмдиги милдет - өткөндөн сабак алып, тынчтыкты, ынтымакты, биримдикти көздүн карегиндей сактоодо турат. Мындай пикирлер бүгүн Ош шаарындагы «Энелердин көз жашы» мемориалдык комплексинде, 2010-жылдагы июнь коогалаңынын курмандыктары эскерүүгө карата уюштурулган митинг-реквием учурунда айтылды. Эскерүү иш-чарасына премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган бийлик өкүлдөрү, июнь окуясында жакынын жоготкондор, ар улуттагы диаспора өкүлдөрү жана жөнөкөй шаар тургундары катышты. Алгач, маркумдарга багышталып, куран окулуп, бата кылынды. Сооронбай Жээнбеков, ошол каргашалуу окуяда жабыр тарткан жарандарга терең көңүл айтып, мындай апаат элибизде кайра кайталанбоосун каалады. Ынтымак, достук-бала тарбиялоодон башталаарын айткан өкмөт башчы, ата-энелердин келечек муунду тарбиялоодо өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

"Коомдук ишмер Исхак Раззаковдун бир жакшы сөзү бар эле, «Кыргызстан менин элим, менин жерим», дал ушул мааниси терең сөз ар бир Кыргызстандыктын жүрөгүндө, канында согуш керек. Ошондо гана, ынтымак, достук , биримдик болот. А ынтымак, достук болгон жерде сөзсүз өнүгүү жаралат", - деди премьер-министр Сооронбай Жээнбеков. 

Ошондой эле, июнь коогалаңынын курмандыктары Жалал-Абад жергесинде да эскерилди. Сузак районунун Топурак-бел участкасында, Санпа окуясына карата тургузулган эстеликке калың эл чогулуп, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда каза болгондор эскерилип,эстеликке гүл чамбарлар коюлду. Премьер-министр өлкөдө улуттар арасындагы биримдикти, ынтымакты сактоо башкы милдет экенин айтып, өткөн окуядан сабак алуу маанилүү экенине токтолду. Кыргызстан эли терең кайгыруу менен мындан 7 жыл мурунку каргашалуу окуяда жакынынан ажыраган ар бир мекендешинин кайгысын тең бөлүшөт. Июнь окуясы ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө жана өлкө тарыхында кара так болуп калды. Биз бирдиктүү аракеттер менен гана чагымчыл күчтөрдүн жолун торой алабыз -деди Сооронбай Жээнбеков. Эскерүүнүн акырында куран окулуп,эли-журтка амандык тилешти.