Жаңылыктар
Эки элдин достугуна данакер Мирзобек Азизов сыйга татыды
Кыргызстан жаңылыктары
Эки элдин достугуна данакер Мирзобек Азизов сыйга татыды

Өзбекстандын эл артисти Мирзобек Азизовго Ички иштер министрлиги тарабынан «Шериктештик» медалы тапшырылды. Төш белгини аталган кызматтын башчысынын орун басары Курсан Асанов тапшырды. 

Мирзобек Азизов, 2010-жылдагы июнь коогалаңынын күбөсү болгон. Ошол учурда мейманчылык менен Ош шаарына келип калган Азизов, 10 -14- июнга чейин Өзбекстандык студенттер менен чогуу болгон. Коңшу өлкөнүн атуулдарын мекенине кайтарууга чоң жардамын берген кыргыз боордошторго Азизовдун алкышы чексиз. Эл артистинин айтымында, достук менен ынтымакты туу туткан- азыркы Кыргызстан менен Өзбекстанды башкарып турган өлкө башчылары турганда, өткөн окуяны уюштурган сепаратист күчтөрдүн арам ойлору кайрадан ишке ашпайт. 

Эскерте кетсек, Азизов жетектеген Ташкенттеги «Мукимий» атындагы драма театрдын 14 кызматкери 7-июндан бери Ош облусунун аймагында «Жайдары келин» спектаклин коюшууда. Маданият жаатындагы мындай кызматташуу да дал ушул эки мамлекет башчынын жеке сүйлөшүүлөрүнүн, эки элдин ортосундагы ынтымакты бекемдөөгө жасалган кадамдарынын натыйжасында ишке ашырылууда.

"Ошол күндөрү мен ушундай бир окуялардын күбөсү болгонмун. Кыргыздар топтолуп отурган жайды өзбектер коргоп, өзбектер жашынган жерлерди кыргыздар коргоп отурган жайларды көрдүм. Мындан улам, мен дагы бир ирет, кыргыз-өзбек элдеринин бир ата, бир эненин-түрк атанын балдары экенин баса белгилеп, мунун күбөсү дагы бир ирет тастыкталганын айтаар элем", - дейт Өзбекстандын «Мукимий» атындагы театрынын директору Мирзобек Азизов.