Жаңылыктар
Кытайда Азия чемпиондугу өтөт
Спорт
Кытайда Азия чемпиондугу өтөт

Кытайдын Тайчунг шаарында 15-июндан 18-июнга чейин күрөш боюнча жаштар арасында Азия чемпиондугу өтөт. Мелдешке Кыргызстандан 21 спортчу күч сынашат. 

Анын ичинен грек-рим күрөшү боюнча улуттук курамда 8, эркин күрөш боюнча 8 балбан, ал эми кыз-келиндер арасындагы таймашка 5 балбан катышат. 2016-жылы өткөн жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда Кыргыз балбандары бир алтын, 3 күмүш жана 2 коло медалга ээ болушкан.