Жаңылыктар
Ош коогалаңы күбөлөрдүн эсинде
Кыргызстан жаңылыктары
Ош коогалаңы күбөлөрдүн эсинде

Жаткананын чатырына өз өмүрлөрүн сакташ үчүн качып чыккан студенттердин арасында - Жаркынай да бар болгон. Дал ушул маалда, тагыраагы 10 июнда- түнкү саат 11лер чамасында коогалаң башталган. Студенттердин жатаканасы ошол кандуу окуянын очогу болгон- “Алай” мейманканасына жакын тагыраагы, жолдун эле аркы жагында жайгашкан. Окуя башталган учурдан көп өтпөй эле, Жаркынай да башка студенттер менен чогуу коопсуз жакка чыгарылган.

"Чатырда отурганыбызда, жаткананын жанында бир май куюучу станция өрттөнүп жатыптыр, эгер ошол жарылса, бизге чейин жетээрин айтышып, бизди кайрадан чатырдан түшүрүштү. Анан сыртка жөнөдүк, бизге ошол кездеги окуу жайдын ректору Мухтар Орозбеков деген агай болчу, ошол мугалимдер менен келип, бизди облустук администрацияга алып жөнөштү. Коркпогула, силер коопсуз жакка барасыңар дешти",- деп эскерет окуянын күбөсү Жаркынай Абдималик кызы.

Ал учурда ОшМУнун ректорлук кызматын Мухтар Орозбеков аркалап турган. Ректор, аймактагы жагдай туурасында кабарды угаары менен эле окуу жайдын жатаканасындагы студенттерге келген. Бирок, окуу жайдын жетекчиси, ошол жердеги куралчан жаалданган белгисиз жарандардан улам, жатакананын ичине кире алган эмес.

Күч түзүмүнүн кызматкерлери менен темир чопкуталган оор техникалардын жардамы сөзсүз керек болуп турган, анткени окуя мүнөт өткөн сайын курчуй баштаган. Мына ушул пагончондордун жардамынан көпчүлүгүнүн өмүрү көз каранды болуп турган.

Мына ушул июнь окуясынын келип чыгуу себептерин иликтеген Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлгөн атайын комиссия чоң жумуш аткарды. Кыргызстан Элдер Ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытов, ошол кездеги атайын түзүлгөн комиссияны жетектеген. Токон Мамытовдун айтымында, ошол кездеги Ош облусунун жетекчиси ыкчам аракет жасап абалды турукташтырууга зор салым кошкон. Айтсак, ошол учурда Алай менен Кара-Кулжа райондорунан жыйналып келе жаткан жарандар дал ушул облус жетекчисинин жеке сүйлөшүүсүнүн натыйжасында, Оштун кире беришинен артка кайтарылган.

Анда өлкө түштүгү улуттар аралык кагылыштын жалынына өрттөнүп калгандай сезилген, бирок бүгүнкү күндө тынчтык жана жакын коңшулук мамилелер кайрадан жанданган. Кыргызстандагы көп улуттуу элдер, улутуна, динине карабай, кылымдар бою тынчтыкта, ынтымакта, эриш - аркак жашап келген. Базары, мазары -бир, кыз алышып, беришкен куда-сөөк болуп чырмалышкан ар кайсы улуттагы мекендештерибиз мындан ары да, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, биримдикте жашай берет.