Жаңылыктар
Атамбаев: негизги кирешени 3 эсеге көбөйтө алдык
Саясат
Атамбаев: негизги кирешени 3 эсеге көбөйтө алдык

Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Таза коом санариптик трансформация программасы жана туруктуу өнүгүүнүн глобалдык максаттары аталышындагы эл аралык форум өтүүдө. Ага президент Алмазбек Атамбаев, Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гуттериш жана чет элдик, жергиликтүү эксперттер катышты.

Анда президент - Кыргызстан күчтүү жарандык коому менен туруктуу өнүгө ала тургандыгын айтты. Өлкөдө саясий туруктуулук сакталып турганын белгилеген президент “Таза коом” программасы паракорчулукту азайтууга негиз болорун билдирди. “Кыргызстанда ири завод-фабрикалар курулбаса да, негизги кирешени 3 эсеге көбөйтө алдык. Биз өнүгүүнүн туура жолун тандап алдык жана ушул багыт менен чоң жетишкендиктерге жетебиз. 2020-жылга чейин ар бир айыл, ар бир үй интернетке кошулат”, - деди президент.