Жаңылыктар
Нарын: аз камсыз болгон 250 үй-бүлө музоолуу уйлуу болушту
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын: аз камсыз болгон 250 үй-бүлө музоолуу уйлуу болушту

Нарын облусундагы аз камсыз болгон 250 үй-бүлөгө бирден музоолуу уй берилди. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, бул жардам 14 жашка чейинки үчтөн көп баласы бар жалгыз бой энелерге көрсөтүлдү. 

Мындай кайрымдуулукту Орозо айында "Ас-Салам" коомдук уюму көрсөткөн. Андан сырткары, аталган коомдун жетекчиси  Нурмухаммед Миңбаев  атасы каза тапканы тууралуу расмий документи бар, 9 жашка чейинки балдарга 2500 сомдон жөлөкпул берүү маселесин жакынкы 2-3 айда чечкени турат. Эгерде ал чечилип кетсе облус боюнча 700 чукул бала айына 2500 сомдон жөлөкпул алып турат.