Жаңылыктар
Атамбаев менен Гутерреш “Таза коом” долбоору тууралуу билдирүү жасашты
Саясат
Атамбаев менен Гутерреш  “Таза коом” долбоору тууралуу  билдирүү жасашты

Антониу Гутерреш президент Алмазбек Атамбаев менен бирге Бишкекте өткөн “Таза коом санариптик трансформация программасы жана туруктуу өнүгүүнүн глобалдык максаттары аталышындагы эл аралык форумга катышышты. Иш-чарадан кийин “Таза коом” долбоору тууралуу маалымат каражаттарына биргелешкен билдирүү жасалды.

Таза коом долбоорунун башкы максаты- жогорку технологиялык инфраструктураны куруу менен маалыматтык тармакты уюштуруу болуп саналат. Тактап айтканда, мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнүн бир жолу. Программаны ишке ашыруу жолдору эл аралык коомчулуктун катышуусунда байма бай талкууланып келүүдө. Кыргызстан үчүн эң негизгиси бул долбоорду жогорку деңгээлде өнүктүргөн өлкөлөрдөн тажрыйба алуу, долбоорду ишке ашырууга каржы донорлорун табуу жана ошондой эле программаны ишке киргизүү менен жемиштүү жыйынтыктарга жетишүү.

Форумдун алдында алгач Антониу Гутерриш президент Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүү жүргүздү . Бул өлкө жетекчиси менен Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын үчүнчү ирет жолугушуусу.
 “Таза коом” санариптик трансформация программасы жана туруктуу өнүгүүнүн глобалдык максаттары”. Дал ушундай аталыштагы форумга баардык мекеме жетекчилери, жергиликтүү бийликтердин өкүлдөрү, чет элдик адистер да катышты. Президент Алмазбек Атамбаев бардык бийлик бутактарында паракорлук жоюлушу зарыл экенин белгилейт. Коомду заманбап технологиялардын жардамы менен тазартуу демилгеси өлкө башчыга таандык. Кыргызстан ресурска эмес, элдин талыкпас мээнети менен билимине таянат.  

Антониу Гутерреш Бириккен Улуттар Уюму “Таза коом” долбоорун кубаттарын белгилейт. Программа БУУнун өнүгүү стратегиясына шайкеш келүүдө. Кыргызстан “Таза коом” долбоорун ишке ашыруу үчүн санариптик экономикадагы өзгөчө орду бар өлкөлөр менен тажрыйба бөлүшүп, эл аралык донорлордун материалдык колдоосун күтүүдө. Программа дүйнөлүк каржы уюмдарынын назарын бурду.
Форумдун алкагында өлкө башчы менен Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы журналисттердин суроолоруна жооп берүүгө да убакыт бөлдү.