Жаңылыктар
Ош: Гутерреш июнь окуяларынын жети жылдыгына арналган иш-чараларга катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Ош: Гутерреш июнь окуяларынын жети жылдыгына арналган иш-чараларга катышты

Бириккен Улуттар уюмунун баш катчысы  Ош шаарына учуп барып, анда июнь окуяларынын жети жылдыгына арналган иш-чараларга катышты. Экинчи борбордо Антониу Гутеррешти өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Июнь окуялары быйыл кандуу коогалаңдын орун алганына жети жыл толду. 2010-жылдагы ошол күнкү оор жоготуулар тарыхка кара тамгалар менен жазылып калды. Арадан 7 жыл убакыттын өткөнүнө карабай, окуя кечээ күнкүдөй көз алдыңа тартылат.

Дагы бир жолу эске салсак, июнь окуялары жөнөкөй жарандардын уруш талашы же кандуу коогалаңы болгон эмес, көбүрөөк саясатчылардын оюну, жеке кызыкчылыктарын ишке ашыруу максатында карапайым элди колдонуп атайын жасалган иш болгон. Ниеттери бир эле- мансапка жетүү же эбегейсиз бир байлыктын ээсине айланып калуу эле.

 

Карөзгөй ниеттер ишке ашкан жок, бирок башка кесепети - жүздөгөн бейкүнөө адамдардын өмүрлөрү, талкаланган үй жайлар, элдин ынтымагына кеткен жарака. Бирок ошол кандуу калабаны жөнөкөй жарандарыбыз өз колдору менен токтотуп калышты. Адистер белгилегендей, элдин даанышмандыгы, акыл токтото билип, бир ууч адамдардын чагымына алдырбай, жалпы элдин биримдигине доо кетпесин деген аракеттери бүгүнкү ынтымак ырашкерлик, тынчтык, бакубатчылыктын негизи болду.

Кыргызстан көп улуттуу өлкө. Бир түндүктүн астында жашап жаткан улуттардын бир үй-бүлөнүн мүчөлөрүндөй жашоосуна ынтымак менен биримдик гана жетиштүү. Бир тууганыңдын оюн, каалосун угуп, аны кадырлагандай эле, башка улуттун да баалуулуктарын сыйлай билүү зарыл.
Ар улуттагы жарандар бир жерде жашап эле эмес, тамырлашып, кыз алышып, уул үйлөп, чырмалышып калган. Жыл өткөн сайын ар улуттан куралган интернационал үй-бүлөлөрдүн саны арбып барат. Алсак, мындан 7 жыл мурда улуттар арасында баш кошкондордун саны Өзгөн району боюнча 10 гана болгон. Бул көрсөткүч азыр 6 эсеге өскөн.