Жаңылыктар
4 жашар кызды сүзүп кетип, изин жашырган айдоочу кармалды
Кырсык
4 жашар кызды сүзүп кетип, изин жашырган айдоочу кармалды

Бишкектен 4 жашар кызды унаасы менен сүзүп кетти деп шектелген айдоочу кармалды. Эскерте кетсек, 10-июнда кыз жолго чуркап чыгып, машинага урунган видео социалдык тармактарга чыккан. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы окуя Бишкектин батыш тарабындагы Сары-Челек көчөсүндө саат 16:30дар чамасында катталганын аныктаган. 

Интернетке чыккан видеодо көрүнүп тургандай, Honda Fit автоунаасынын айдоочусу өспүрүмдү жолдон коюп кетип, изин жашырган. Баланын баш мээси чайкалып, №3 шаардык клиникалык оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Кырсык болгондон кийин милиция кызматкерлери аймакты тинтип, капоту мыйрыйган Honda Fit унаасын табышкан. Анын айдоочусу кийин кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.