Жаңылыктар
Гутеррештин Оштогу иш-сапары улуттар аралык мамилени жакшыртууга арналды
Кыргызстан жаңылыктары
Гутеррештин Оштогу иш-сапары улуттар аралык мамилени  жакшыртууга арналды

БУУнун баш  катчысы Антониу Гутерреш Ош шаарына жасаган иш-сапары улуттар аралык мамилени  жакшыртууга арналды. Ошко экинчи ирээт барган баш катчы июнь каргашасынан  курман болгондордун эстелигине гүл койду. Аны Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков  алып жүрдү. 

Ош шаарына келген БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун коштоосунда “Энелердин көз жашы” монументалдык эстелигине гүл койгондо “Тынчтык коңгуроосу” да кагылды.

Антониу Гутеррештин Борбор Азияга жасаган иш-сапары Оштогу улуттар аралык кандуу кагылышуунун 7 жылдыгын белгилөөгө туш келди. Ал Ош шаарына Улуттар уюмунун баш катчысы катары биринчи ирээт келгени менен, буга чейин 2010-жылы да келген. Анда ал БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарынын кызматын аркалап турган. Ошондо июнь айындагы каргашадан жабыркагандар боюнча иш алып барганы кыргызстандыктардын эсинде. Кандуу окуядан каза болгондорду эскерүүгө катышып жатып, Антониу мырза тынчтыкка үндөп сүйлөдү.

Эскерүүдөн кийин Гутерреш мырза Оштун активи менен жолукту. Анда ал Кыргызстанга кандай колдоолор керектиги боюнча сөз кылды. Актив мүчөлөрү Ошко дагы бир ирээт келишине ыраазычылык айтышып, кызматташуу боюнча сунуштарын айтышты. Айрыкча басым улуттар аралык ынтымакты чыңдоого багытталды. 

Белгилей кетсек, 2015-жылы 11-июнда БУУнун мурунку башчысы Пан Ги Мун да Ош шаарына келген эле. Толук 2 жылдан кийин, тагыраагы быйыл 11-июнда жаңы баш катчы Антониу Гутерреш да келип отурат.

Расмий маалыматтар боюнча, июнь окуясында 446 адам набыт болуп, эки миңге чукулу ар кандай деңгээлде жараат алган. Талкаланып, өрттөлгөн имараттардын оруна жаңылары салынды. Эң башкысы – жүрөктө калган жара акырындык менен бүтөлүп барат.

Каргашадан кийин жабыркагандарга материалдык жардам көрсөтүү максатында мамлекеттик дирекция түзүлүп, 30 ай иштеди. Анын жетекчилигинин алдында Ош менен Жалал-Абадда жалпысынан 173 ар түрдүү тармактагы обьекттилердин курулушу жана ремонту жүргүзүлүп, 165 обьекти бүткөрүлгөн. Ошондой эле 36 көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушу жүргүзүлгөн, аларда бардыгы болуп 1576  батир курулган. Ал эми 2 миңге жакын үй жайы күйүп кеткен жарандарга кайтарымсыз мамлекеттик жардам берилген.

Асанбек Пазыл,  Биринчи радио