Жаңылыктар
Улуттар аралык ынтымак бекем болсо, өлкөдө туруктуулук орнойт
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттар аралык ынтымак бекем болсо, өлкөдө туруктуулук орнойт

Кошунаң тынч – өзүң тынч деген жакшы кеп бар.  2010-жылдагы каргашалуу июнь окуясын эстебей коюуга болбостур. Ошол жылдан бери  кыргыз-өзбек достугун чыңдоого ким болбосун аракет кылып келди. Сезимтал темага  ар кимибиз ойлонуп туруп мамиле кылууга үйрөндүк. Негизи жакшылыкка, тынчтыкка  жасалган бул аракеттердин жыйынтыгы эмне берди? Этияттык мамиле, сый-урмат жана  өнүгүү.  7 жыл мурунку каргашаны ошол кезде тартылган сүрөт, видеолор эле эстетип турбаса, азыр Ош шаары гүлдөп-жайнаган мезгил. Чагымчы күчтөрдүн таасиринен талкаланган имараттардын ордуна жаңы курулуштар, ишкана, дүкөндөр ачылды. Көчөлөрү болсо гүлгө оролуп, мунун өзү эле элдин тынч-бейпил жашоосунан кабар берип турат.

Эң негизгиси кыргыз-өзбек бир тууганга айланып, достук мамилелери бир тепкичке жогорулады. Буга далил коогалаңда жабыркагандардын терең карым-катнашы. Алар 2010-жылдан бери  мамлекеттик дирекция куруп берген  көп кабаттуу үйдө коңшу болуп, ынтымакта  жашап келишүүдө. Ушул убака чейин араларынан жаман сөз өтүп, жаңжал болбоптур.Тескерисинче чоңдору той-топурларда катташып, балдары бир короодо дос болуп ойношот. Белгилей кетсек,улуттар аралык жаңжалга 10-июнда толук жети жылдын жүзү болот. Жыл сайын ушул күнү каза болгондор  эскерилип, куран түшүрүлөт. Ош шаарында шейит кеткендер үчүн энелердин  көз жашы эстелиги орнотулган.

Асанбек Пазыл, "Биринчи радио"