Жаңылыктар
Кыргызстанда президент болууну каалагандар арбын
Саясат
Кыргызстанда президент болууну каалагандар арбын

Алдыда президенттик шайлоо келатат. Президенттикке расмий аттары аталгандардан улам бул  тема эл арасында   эң көп  талкууга алынып жатканы айкын. Добуш берүүдөн мурда жакшылап ойлонушубуз керектигин айрым саясатчылар, талдоочулар эскертип келишет.  Президенттикке талапкер болууну калагандардын саны Кыргызстанда азайган жок, мындан улам өлкөдө президенттик институттун баркы кетип баратабы же демократиянын жетишкендиги болуп жатабы деген суроо туулат. 

Кыргызстанда президенттик шайлоо октябрь айынын үчүнчү жекшембиси  15- октябрда өтөт. Мындай норма жазылган мыйзамга  президент 5- июнда кол койгон. Баш Мыйзамга ылайык  Президенттикке 35 жаштан 70 жашка чейинки Кыргызстанда 15 жылдан кем эмес  жашаган  кыргыз жараны президенттикке талапкер боло алат.   Анын  кыргыз тилин билүүсү шарт. Мурда   талапкер  мамлекеттик тил боюнча  атайын сынактан өтүп келген болсо, эми  кыргыз тили боюнча тест тапшырат. Учурда президенттик шайлоого катыша турган адамдардын расмий жар салгандарын атай кетсек  “ Өнүгүү- прогресс” партиясынан Бакыт Төрөбаев. “  Ак шумкардан” Темир Сариев.” Ресупблика- Ата журт” Өмүрбек Бабанов.” Ата- Мекен” саясий партиясынын кеңеши - Өмүрбек Текебаевди, КСДП –Сооронбай Жээнбековду көрсөткөн.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"