Жаңылыктар
Нарында аз камсыз 250 үй-бүлөгө музоолуу уй берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында аз камсыз 250 үй-бүлөгө музоолуу уй берилди

Рамазан айы - мусулманчылыкта кайрымдуулук иштерин жүргүзүп, сооп жыйнай турган ай. Мындан улам муктаж адамдарга жардам берип, кыйын турмушта жашап жаткандарды сүйүнтө турган иш-чаралар өтүүдө. Нарын облусунда кезектеги кайрымдуулук иш-чарасынын алкагында 250 жалгыз бой энелерге жардам берилди.

Бир колуна кызын жетелеп, көкүрөгүнө эмчектеги баласын кыскан бул энелер жаштайынан эле тагдырдын оор сыноосуна кабылышкандар. Тагыраагы өмүрлүк түгөйлөрүнөн эрте ажырап, бала-бакыраны багуу да, чарбачылыкты жүргүзүү да алардын мойнунда. Алдыларынын жети, калгандарынын төрттөн чүрпөлөрү бар. Нарын облусундагы мына ушундай оор жагдайдагы 250 жалгыз бой эненин ар бирине бирден уй торпогу менен бекер берилди.

Чындыгында көрсөтүлгөн мындай жардам үчүн эч кандай деле талап коюлбайт. Жалгыз бой энелердин энчисине торпоктору калып, айылдык бийлик уйлардын эсен-соо багылышын колго алат. Бул уйлар кийинки жылы кайрадан тууган учурда музоолору муктаж болгон үйлөргө берилет. Ошентип жыл жаңырган сайын уйлардын улам жаңы туулган музоолору кезектеги үй-бүлөлөргө таркатыла берет.
Албетте, мындай камкордук ансыз да түйшүгү көп, жалгыз бой энелер үчүн чоң олжо. Бирок алар да жөн туруп калбай, тоют менен жемдин бир бөлүгүн өздөрү белендегенге ниеттенишүүдө. Анткени, өзүң мээнеттенсең, тапканын ошончолук берекелүү болот дешет көп балалуу энелер. Анткен менен жардам алган энелер өз оокатыбызды өзүбүз тыңдап, зарылчылык жаралса, башкаларга да жардам берүүгө жетишсек дешет.