Жаңылыктар
Ош шаарында ЕАЭБдин талабына жооп берген сүт заводу ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарында ЕАЭБдин талабына жооп берген сүт заводу ачылды

Ош шаарында ЕАЭБдин талабына жооп берген сүт заводу ачылды. "Ош Ак-Сүт" ишканасы фермерлерден сүттү сатып алып, аны кайра иштетүү менен сыр, май жана кургак сүт өндүрмөкчү. 

Ишкана 40 адамды жумуш менен камсыз кылып, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын сүттү кайра иштетүү боюнча маселесин чечет. Учурда элден сүт жыйноочу 14 пункт ачылды. Евразия экономикалык биримдигинин бардык талаптарына жооп берген завод келечекте өз продукциясын Россия менен Казакстанга экспорттоосу күтүлүүдө. 

Анын ачылышына катышкан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү бийлик органдары айыл чарба продукцияларын кайра иштетип жаткан ишканаларга колдон келишинче колдоо көрсөтүшү зарыл экенин белгиледи.