Жаңылыктар
УКМК: Эсеп палатасынын аудитору пара менен кармалды
Коррупция
УКМК: Эсеп палатасынын аудитору пара менен кармалды

“Республика-Ата Журт” партиясы көрсөткөн Эсеп палатасынын аудитору пара менен кармалды. Бул туурасында Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети билдирди. Маалыматта айтылгандай, атайын кызмат Эсеп палатасынын аудитору кол алдындагы мамлекеттик инспекторлор менен түзгөн коррупциялык схеманын бетин ачкан. Кызматтык бөлмөсүндө ири көлөмдө пара алып жаткан жеринен Эсеп палатасынын аудитору кармалды. Аны менен кошо инспекторлордун бири болгон. Азыр кармалгандарга карата Кылмыш кодексинин “Коррупция” беренеси менен иш козголду. 

“Өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында жогорудагы мамлекеттик инспекторлор текшерип жаткан объектен ири көлөмдө акчаны мыйзамсыз алганы катталган. Негизги бөлүгү кийинчерээк аудиторго берилип турмак. Бүгүнкү күндө аудитордун жана бир инспектордун баш коргоо чарасы аныкталып, МУККнын убактылуу кармоочу жайында кармалууда”,- деп билдирди МУККнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов. 

Экинчи инспектор да кармалып, коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайынын тергөө камагына киргизилди. Атайын кызмат билдиргендей, азыр тиешелүү ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат.