Жаңылыктар
Ош шаарына БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш келди
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарына БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш келди

БУУ Кыргызстан менен биргелешкен долбоорлорду колдойт. Бул туурасында БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш 2010-жылдагы июнь окуясына байланышкан эскерүү иш-чарасында катышуу үчүн Ошко келген учурда билдирди. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерреш эскерүү иш-чарасынан кийин, тар чөйрөдө сүйлөшүп, жергиликтүү жашоочулар менен жолукту. Ош шаарынын эл аралык аэропортунда БУУнун Баш катчысы Антониу Гутеррешти премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жана Бириккен улуттар уюмунун Баш катчысы Антониу Гутерреш 2010-жылдын июнь айындагы кайгылуу окуяларда курман болгондорго арналып тургузулган “Энелердин көз жашы” мемориалына гүл коюшуп, сүрөт көргөзмөнү көрүштү.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков июнь окуяларында эл аралык коомчулук менен бирге өлкөдө тынчтыкты жана туруктуулукту калыбына келтирүүдө - өзгөчө БУУнун системасы өз убагында жардам көрсөтүп, кыргыз элинин кайгысын тең бөлүшкөндүгүн белгиледи. Өкмөт башчы ошондой эле, Антониу Гутерреш мурда БУУнун качкындар боюнча Жогорку комиссары болуп турган кезде, Кыргызстанга эки жолу келип, 2010-жылы кайгылуу окуялардын кесепеттерине күбө болгонун эскертти.