Жаңылыктар
Айдаркен сымап комбинаты жабылып калуу коркунучунда
Экономика
Айдаркен сымап комбинаты жабылып калуу коркунучунда

Кыргызстанда союз убагынан бери иштеп келе жаткан белдүү ишкана, Айдаркен сымап комбинаты жабылып калуу коркунучунда турат. Анткени, кен алынчу шахтаны жер алдынан чыккан суу басып, ал күн санап жогору карай көтөрүлүүдө. Жергиликтүү эл жана жумушчулар аймактагы жападан жалгыз заводдун иши токтоп калса эмне болот деп убайымга тартып жатат. Ал эми комбинат жамааты бийлик кепилдик берип тез арада инвестор табылса, абалдан чыкса болот деп үмүт артууда.

Сымап комбинатынын 99,9 пайыз үлүшү мамлекетке таандык. Айдаркенден өндүрүлгөн сымап Россияга жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө сатылып, казынага жылына 10 миллиондон ашык киреше берип турат. Аны менен бирге жергиликтүү тургундар иш менен камсыз болуп, шахтадан сордурулуп чыккан суулар Айдаркен шаарчасынын айланасындагы айылдарды сугат суу менен камсыздап келген. Ишканада иштин токтошу бул аймакка чоң көйгөй жаратып отурат.