Жаңылыктар
Албек Ибраимов Бишкектин жаңы мэри болуп шайланды
Саясат
Албек Ибраимов Бишкектин жаңы мэри болуп шайланды

Албек Ибраимов Бишкек шаарынын жаңы мэри болуп шайланды. Добуш берүү жабык түрдө өтүп, шайлоого катышкан 43 депутаттын 42си анын талапкерлигине “макул” деген добуш берди. 

Коалициялык көпчүлүктүн лидери Алмаз Кененбаев баш болгон депутаттар мэрлик - жоопкерчиликтүү иш экенин билдиришип, ага ийгилик каалады. Өз кезегинде Албек Ибраимов жүктөлгөн жоопкерчиликти татыктуу аткарууга убада берди. 

Эске салсак, Албек Ибраимовдун талапкерлигин Бишкек шаардык кеңешиндеги Кыргызстан Социал Демократтар фракциясы көрсөтүп, ал шайлоого жалгыз катышты. Албек Ибраимов 1967-жылы 1-сентябрда Фрунзе шаарында төрөлгөн. 

Буга чейин "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын башкы директорунун милдетин аткаруучу, президенттин аппарат жетекчисинин орун басары, "Манас" эл аралык аэропорту" ААК башкармалыгынын төрагасы сыяктуу жумуштарды аркалаган.