Жаңылыктар
Наристени сүзүп качкан айдоочу кармалды
Кырсык
Наристени сүзүп качкан айдоочу кармалды

Бишкекте 4 жашар кызды унаасы менен сүзүп, качып кеткен айдоочу тууралуу видео тасмасы интернет баракчаларына таркап, коомчулуктун катуу сынына кабылды. Бирок, кырсыктан көп өтпөй эле милиция кызматкерлери айдоочуну колго түшүрүп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Унаанын катуу добушунан чочуп эшикке чыккан Вера Шаменконун көз алдында ал кырсык дагы эле тартылат. Алып учуп айдаган айдоочу 4 жаштагы коңшусунун кызын сүзүп, из жашырып качып кеткен. 

Ал эми адамдын үрөйүн учурган бул кырсыктын видеосу чу дегенде эле интернет барактарына пайда болуп, көпчүлүктүн сынына кабылды. Алгач тасмада кыздын апасы чыгып коңшу үйгө бет алганы байкалат. Андан соң 4 жаштагы секелек кызы артынан жөнөйт. Анан катуу ылдамдык менен бараткан унаа кызды ыргыта сүзүп кеткени даана түшүп калган.