Жаңылыктар
ЖК: мугалимдердин пенсиясын көтөрүү сунушу каралууда
Кыргызстан жаңылыктары
ЖК: мугалимдердин пенсиясын көтөрүү сунушу каралууда

Мугалимдердин пенсиясы 10 миң сомго чейин көтөрүлүшү ыктымал. Жогорку Кеңештин Социалдык саясат, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин жыйынында депутаттар мугалимдердин пенсиясын көтөрүүнү демилгеледи. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады. 

Билдирүүгө ылайык, эл өкүлү Евгения Строкова эгер сунушталып жаткан мыйзам долбоору кабыл алынса, 20-25 жыл иштеп пенсияга чыккан мугалимдер 5 миң 173 сом эмес - 10 346 сомдон пенсия алып калышарын айтты. 

Ал эми депутат Алмазбек Токторов бир гана мугалимдердин эмес, медициналык кызматкерлердин да айлыгы, пенсиясы аз экенин айтып, алардыкын да жогорулатуу зарылдыгын билдирди. Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.