Жаңылыктар
Ысык-Көлдөгү мыкты пансионаттардын баасы 30 доллардан жогору
Туризм
Ысык-Көлдөгү мыкты пансионаттардын баасы 30 доллардан жогору

30 долларга тамак-ашы жана башка тейлөө кызматтары кирет. Бирок биздин айрым жарандар Ысык-Көлдөгү пансионаттардын баасын  кымбат дешет. Ошондуктан алардын  кээ бири бул жакка кеткен чыгымга Анталияга барып эс алууну туура көрүшөт. 

Кыргызстандагы туризм тармагын өнүктүрүү үчүн  туристтердин коопсуздук маселесин жөнгө салуу керек. Өлкөдө тартип сакталып  турса туристтер өзүнөн өзү агылып келет. Мындан сырткары  аба каттамды көбөйтүү зарылчылыгы турат. Муну менен катар европа өлкөлөрүндөй  жашыл экономиканы жандандыруу керек. 

Сырттан келген коноктор таза жашылча жемиш, таза сууга, таза абага тартылат дешет эксперттер.  Былтыр туристтер табыгый факторлордун таасиринен улам аз келген. Быйыл туристтик сезон кандай болот аны убакыт көрсөтөт.

Бегайым Абдыкадырова, “Биринчи  радио”