Жаңылыктар
Өлкөдө 38 миңден ашуун жер тилкесини кызыл китеби жок
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө 38 миңден ашуун жер тилкесини кызыл китеби жок

Жогорку Кеңештин тармактык комитеттинде жер тилкелерин трансформациялоого байланыштуу мыйзам долбору 2-окууда каралды.  Комитеттин талкуусуна Ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгындагы 2009-жылдын 31-июлуна чейин сугат айдоо жерлерине салынып кеткен үйлөрдүн персоналдаштырылган реестри менен өкмөттүн  өзүнчө реестри сунушталды.  Ал учурда сырттка, Ак үйдүн алдында «Трансформация» кыймылы уюштурган митинг өтүп жатты. Бишкектин четиндеги Ак-Ордо, Көк-Жай айылдарынын тургундары Жогорку Кеңешке жана өкмөткө жер тилкелерин трансформациялоо боюнча процедураны тездетүү талабы менен чыгышкан. 

Белгилей кетсек, өкмөттүн маалыматына ылайык өлкө аймагы боюнча 13398 гектар аймакка 38 миңден ашуун турак-жай курулуп калган. Анда 42 миңден ашуун түтүн үй бүлө жашап келет. Бул жерлер ар түрдүү себептерден улам колдонууга жараксыз деп табылып, трансформация болгон эмес. Демек жарандардын жерге болгон эч документтери жок. Анын кесепетинен Бишкектин четиндеги бир катар жаңы конуштарда жол, суу, электр жарыгы маселелери чечилбей келет.

Ал эми депутаттар жыйынтыгында айтылган сунуш-пикирлердин негизинде мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"