Жаңылыктар
Өкмөт ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасын колдоого алды
Экономика
Өкмөт ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасын колдоого алды

Өкмөт 2026-жылга чейинки аралыкта ирригацияны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны колдоого алды. Долбоордун жалпы наркы 58 миллиард 800 миллион сом. Бул каражатка жалпы болуп 45 ирригациялык объект курулганы турат.

Мамлекеттик программага камтылган ири долбоорду ишке ашырууга бюджеттик каражатка оорчулук келтирбегидей кылып инвестициялар тартылат жана 3 баскычта ишке ашыруу каралууда. Суу чарба департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев биринчи этапта 17 долбоор жүзөгө ашырыла турганын билдирди. Анын алтоосуна учурда каражат табылып жатат жана жыл аягына чейин 4 объект пайдаланууга берилет. 

Калган ири объектилерди курууга инвестициялык каражаттар тартылат. Азыркы тапта Корей, Араб, инвесторлору жана эл аралык донор уюмдар кызыгуусун билдирүүдө. Мамлекеттик программа ишке ашса азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, жакырчылыкты жоюу жана айыл тургундарынын ички миграциясын азайтуу көйгөйлөрү чечилет. Эң башкысы 65,500 гектар жаңы сугат жер өздөштүрүлөт.