Жаңылыктар
Сахна: Абийир кечирбейт (аудио)
Маданият
Сахна: Абийир кечирбейт (аудио)

Т. Абдумомуновдун “Абийир кечирбейт” драмасы бүгүнкү күнгө чейин артисттердин төрт мууну ойногон чыгарма. Ал эми биз бул программада 2010-жылы журналист жана режиссер Аман Жапаров сахналаштырган, Т.Абдумомунов атындагы Улуттук драма театрынын жаш актерлору ойногон спектакль жөнүндө "Сахна" уктуруусунан сөз кылабыз. "Абийир кечирбейт" драмасы ушак-айыңдын айынан бузулган уя, кыйраган турмуш, талкаланган тагдыр жана албетте  адам абийири тууралуу баяндаган драмалык спектакль. Уктурууну даярдап жана алып барган Умсунай Өсөрова.

           “Абийир кечирбейт” драмасы

Автору – КР Эл жазуучусу Токтоболот Абдумомунов

Режиссеру – журналист, режиссер Аман Жапаров.

Ролдордо: Нурдин – Азиз Мурадиллаев

                Масадык: Максат Кулуев, Эржан Осмонов

                Шайыргүл: Гүлнара Сатарова, Махабат Асанбекова

                Нияз – Илим Калмуратов ж.б