Жаңылыктар
Ош: бир айдын ичинде 7 бала сууга чөгүп каза болгон
Кырсык
Ош: бир айдын ичинде 7 бала сууга чөгүп каза болгон

Соңку бир айдын ичинде эле ар кандай себептер менен Ош облусунун аймагында 7 бала сууга чөгүп кеткен. Дагы бир 35 жаштагы келин белгисиз себептен улам, сууга агып каза тапкан. Сууга аккан балдардын кичүүсү 3 жашта болсо, улуусу 16 жаштагы өспүрүм болгон. 

Бул туурасында Ош облусттук ИИБнын маалымат катчысы Жеңишбек Аширбаев билдирди. Аширбаевдин айтымында, жайкы сууга түшүү сезону башталбай жатып, балдардын сууга чөгүүсүнө - ата-энелер жеткиликтүү көңүл бурбай, балдарын кооптуу жайларда ойноткону негиз. 

Ушуга байланыштуу, өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан өкмөттүн атайын токтому чыгып, сууга түшүүчү жайлардын коопсуздук абалы тыкыр текшерилүүгө алынмак болду.