Жаңылыктар
Жаратылыш кырсыктарынан авариялык абалга келген мектептер жаңыдан салынат
Билим
Жаратылыш кырсыктарынан авариялык абалга келген мектептер жаңыдан салынат

Өлкөдөгү жаратылыш кырсыктарынын кесепетинен авариялык абалга келген 12 мектеп жаңыдан салынат. Бул туурасында билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди. 

Мындан сырткары, Сауд Арабия фондунун каржылоосунда дагы 16 мектеп курулат. Тиешелүү келишимди Жогорку Кеңеш ратификацияласа эле курулуш иштери башталат. 

Ошондой эле Өзбекстандын өкмөтү менен Ош шаарында, Россия Федерациясынын өкмөтү менен Бишкекте мектеп салуу боюнча келишимдер дагы каралып жатат. Ал эми сентябрда Бишкекте Кытай грантына салынган заманбап мектептин ачылышы болот.