Жаңылыктар
Унаага сүзүлгөн 4 жашар кыздын абалы турукташа баштады
Ден соолук
Унаага сүзүлгөн 4 жашар кыздын абалы турукташа баштады

Төмөнкү Ала-Арча районунда 16 жашар бала сүзүп кеткен кыздын абалы туруктуу келип, жакшыра баштады. Бул тууралуу 3-балдар ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Шайбеков билдирди. 

Анын айтымында, жабыркаган кыз эсине келип, нейрохирургия бөлүмүнө которулду. Кырсыктын кесепетинен кыз баш мээ жаракатын алып, бети жана тизе мууну көгөрүп тытылган. 

Эске салсак, 10-июнда айдоочу катуу ылдамдыкта баратып Төмөнкү Ала-Арча районунда кичинекей кызды сүзүп кеткен.