Жаңылыктар
Адал азык-түлүктөрдүн жарманкеси
Кыргызстан жаңылыктары
Адал азык-түлүктөрдүн жарманкеси

Бишкекте адал продукциялардын көргөзмө жарманкеси өтүүдө. Спорт ордосунда өтүп жаткан жарманке Халал индустрия борбору тарабынан уюштурулган. 

Анда эт жана сүт азыктары, таттуулар , өрүк шербети, булак суусу, түрдүү суусундуктар, кондитердик азыктар, тез даярдалуучу тамак-аштар жана башка ушул сыяктуу азык-түлүктөр өз баасында кардарларга сунушталып жатат. 

Уюштуруучулардын айтымында көргөзмөнүн негизги максаты - адал азыктарын жайылтуу. Мындан тышкары ар бир кардар, өндүрүүчүлөрдүн өзүнөн бир катар суроолорго жооп алганга шарт түзүлгөн. 

Белгилей кетсек, жарманкеге коюлган продукциянын бардыгы Халал индустрия борбору тарабынан сертификат алган. Ал эми көргөзмө жарманкенин өзү 28-февралга чейин уланат.