Жаңылыктар
Ысык-Көлдө жаштар иштери боюнча КМШ мамлекеттеринин отуруму өттү
Спорт
Ысык-Көлдө жаштар иштери боюнча КМШ мамлекеттеринин отуруму өттү

Чолпон-Ата шаарында  жаштар иштери боюнча КМШ мамлекеттеринин XXI отурум өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы Нурпери Садырбекова билдирди. Анын айтуусунда, кыргыз тараптан бул отурумга спорт агенттиктин жетекчиси Канат Аманкулов, анын орун басары Мирлан Парханов катышты. Ал эми чет элдик коноктордон Беларус, Россия, Казакстан, Тажикстан жана Армениянын атынан келген өкүлдөр болушту. Мындан тышкары, БУУнун Орто Азия боюнча ыктыярчылар программасынын координатору Дмитрий Фрицин жана эл аралык Дельфий комитетинин директору Владимир Понявин катышты.

Отурумдун жүрүшүндө, спорт агенттигинин жетекчиси Канат Аманкулов сөз алып сүйлөп буларга токтолду.

"Бүгүнкү күндө Кыргызстандын 30 пайызын жаштар түзөт. Андыктан, аларды мамлекеттик социалдык иштерге тартуунун үстүнүөн иштеп жатабыз. Буга ылайык, "Жаштар жөнүндө" мыйзам долбоору иштелип чыккан. Жаштардын коомдогу орду өзгөчө. Алар активдүү болбогондо, Көчмөндөр оюндары сыяктуу ири иш чараларды уюштуруу мүмкүн болмок эмес. Белгилей кетсек, 2020-жылга чейин жаштар саясаты тууралуу түзүлгөн долбоордун 17 багытында тең жаштардын ролу өзгөчө орунду ээлеген."

Күн тартибине ылайык, 13 маселенин тегерегинде талкуу жүрду. Анын негизинде тийиштүү чечимдер кабыл алынып, протоколго кол коюлду.