Жаңылыктар
Мектептерде өз ыктыяры менен акча төлөө жоюлат
Билим
Мектептерде  өз ыктыяры менен акча төлөө жоюлат

Мындан ары Бишкек шаарындагы мектептерде 1-класска кабыл алууда өз ыктыяры менен акча төлөө деген болбойт. Эгер мындай учур катталса, мектеп директорун кызматтан алуу боюнча чечим кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.

Дагы бир жаңылык, мугалим пенсионерлердин пенсиясын көбөйтүү жөнүндө мыйзам долбоору парламенттин социалдык маселелер боюнча комитетинде колдоо тапты. 

2016-2017- окуу жылында 1 миллион 175 миң окуучу мектепке барып, өлкө боюнча 61 миң 700 бала мектепти аяктады. 70 миңден ашык мугалим сабак берет. Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдиргендей, алдыдагы жылдарда окуу программасына көп жаңылыктар киргизилет. Сентябрдан баштап 5-класстын окуучуларына англис тили жана информатика сабагы көбөйтүлөт.

“Бул адистиктер боюнча мугалимдердин квалификациясы жогорулатылат. Англис тили күнүнө бир сааттан кирет,”- деди Билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиева

Өлкөдөгү жаратылыш кырсыктарынын кесепетинен авариялык абалга келген 12 мектеп жаңыдан салынат. Курулуш иштери жаңы жылга чейин аяктайт деп министр ишендирди. Мындан сырткары, Сауд Арабия фондунун каржылоосунда дагы 16 мектеп курулат. Тиешелүү келишим Жогорку Кеңештин кароосунда. Ошондой эле Өзбекстандын өкмөтү менен Ош шаарында, Россия Федерациясынын өкмөтү менен Бишкекте мектеп салуу боюнча келишимдер дагы каралып жатат. Ал эми сентябрда Бишкекте Кытай грантына салынган заманбап мектептин ачылышы болот.

“Азыр Бишкек мэри менен суйлошуп жатабыз, жакында буйрук чыгат, эч кандай акча толоо болбойт,”- деди Билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиева

Жайкы каникул учурунда окуучулардын эс алуусуна да шарттар түзүлгөн. Балдардын ден-соолугун чыңдаган 41 борбордо окуучулар эс алышууда. Мындан сырткары, 600дөн ашык мектептердин алдындагы жайкы лагерлер уюштурулган. 

Эс алуу демекчи, мындан ары мугалимдердин ден соолугун чыңдап, ылайыктуу эс алуусуна шарт түзүлдү. Премьер-министрдин буйругу менен Ысык-Көлдөгү “Асыл” пансионатын Билим берүү жана илим министрлигинин кароосуна өткөрүлүп берди. Ошондой эле мугалим пенсионерлердин пенсиясын көбөйтүү жөнүндө мыйзам долбоору парламенттин социалдык маселелер боюнча комитетинде колдоо тапты.