Жаңылыктар
Туристтик сезондо Балыкчы-Корумду жолу пайдаланууга берилет
Кыргызстан жаңылыктары
Туристтик сезондо Балыкчы-Корумду жолу пайдаланууга берилет

Быйыл туристтик сезондун башталышы менен Балыкчы-Корумду жолунун негизги аймактары пайдаланууга берилет. Мындай тапшырманы өкмөт башчысы Ысык-Көл облусунда болгон иш сапарында катуу табыштаган. Ал эми кытайлык жол курулуш компаниясы 15-июнда чейин жолду ишке берерин айтышкан.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бул тапшырманы Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барган маалда Балыкчы-Корумду жолун куруп жаткан компанияга берген. Анда жолду туристтердин агылып келишине чейин бүтүрүү маселеси коюлган. 15-июнга чейин бүтүрүүгө убада берген жол курулуш компаниясы учурда жумушту кызуу аткарып жатышкан кези. Эртеден кечке жаны тынбай иш үстүндө жүргөн жумушчулар менен техникалар Балыкчы-Корумду жолун куруп жаткан кытайлык жол курулуш компаниясыныкы. Алардын баарынын максаттары бир - жолду сапаттуу жасап, туристтик сезонго чейин берилген тапшырманы бүтүрүү. 

Жол азабы, көр азабы демекчи 20 жылдан бери үй-бүлөсүн жүргүнчү ташып багып келген айдоочу Камчыбек Молдалиев жол деген балаадан кутулуп, туристтердин саны азыртадан эле көбөйүп жатканын айтат.

Негизинен долбоор боюнча жол 2-категория боюнча төрт тилкелүү болуп, бир жарым метрге чейин кеңейтилет. Учурда жолчулар асфальттоо жумушунун 2 -катмарын басып, мөөнөтүнөн кечиктирбей жолду ишке берет.

Жол өлкөнүн жүзү десек болот. Кыргыз берметине ашык болуп, алыстан сапар тартып келген туристтерге дагы мелтиреген жагымдуу жол жагымдуу маанай тартуулап, жакшы шарт түзөөрү бышык.