Жаңылыктар
ЖК: жаңы төрөлгөн балага сүйүнчү пул берүү демилгеси көтөрүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
ЖК: жаңы төрөлгөн балага сүйүнчү пул берүү демилгеси көтөрүлүүдө

Жогорку Кеңеште депутаттардын тобу ар бир төрөлгөн бала үчүн 4 миң сомдон сүйүнчү пул берүүнү демилге кылууда. Мындан сырткары бала 3 жашка чыккыча ай сайын 700 сом менен камсыз кылуу, ошондой эле үй-бүлөдөгү үчтөн көп балдардын ар бирине 16 жашка толгонго чейин 500 сомдон берүү да сунушталып жатат. Бирок, бул мыйзам долбоору аз эмес каражатты талап кылат.

Учурда балдарга жөлөк пул кирешени эске алуу менен берилет. Маселен, бир айлык кирешенин көлөмү үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар бирине бөлүштүрүлгөндө 900 сомго жетпесе, ар бир балага 810 сомдон берилет. Эл өкүлдөрү бул 1998-жылдан бери иштеп келген эски система экенин билдирүүдө. Анын ордуна жаңы мыйзам долбоору сунушталып жатат. Төрөлгөн бала үчүн мамлекет тарабынан сүйүнчү пул берүү жагы да каралган. Шайлоо алдында кайсы бир партия убада кылган 50 миң сомдон эмес, бирок парламентте көтөрүлгөн өзгөчө демилге болду.

Мындан сырткары 3 же андан көп баласы бар үй-бүлөлөргө да жөлөк пул берүү жагы мыйзам долбоордо камтылган. Ага ылайык үчүнчү же андан кийинки балдардын ар бири 16 жашка чейин ай сайын 500 сомдон алып турушу керек. 2017-жылга жөлөк пулдар үчүн 6 миллиард сомдон ашуун каражат каралган. Депутаттардын демилгеси толугу менен колдоо тапса, 1 жылга дагы кошумча миллиард 800 миллион сом керектелет.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде үч ирет колдоо тапкан. Эми жалпы эл өкүлдөрү тарабынан жактырылышы зарыл. Демилгечи депутаттар бул мыйзамды 2018-жылдын 1-январынан тартып иштетүүнү сунуштаган.