Жаңылыктар
Индия 1:0 Кыргызстан
Спорт
Индия 1:0 Кыргызстан

Азия Кубогунун финалдык баскычына чыгуу үчүн Кыргызстан курамасы Индия менен кез келип 1:0 эсебинде утулуп калышты. Беттештин биринчи бөлүгүндө эки тарап тең бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болду. Оюндун алгачкы мүнөтүндө Антон Землянухин жаракат алды. Анын ордуна Эдгар Бернхардт алмашууга чыкты. 

1-таймда оюн эсеби ачылбай оюнчулар эс алууга кетишти. Ал эми экинчи бөлүктө Индия капитаны Сунил Четри эсепти ачып, курамасын алдыга чыгарды. Андан аркы убакытта Кыргызстан курамасы байма-бай чабуул уюштурушканы менен андан майнап чыкпады. 

Топко ээлик кылуу жагынан 53 пайыз Кыргызстан курамасы болсо, Индия тарап 47 пайыз ээ болду.