Жаңылыктар
Бишкек - Ош жолуна көчкүдөн сактаган тоннель салынат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек - Ош жолуна көчкүдөн сактаган тоннель салынат

Жапон өкмөтү бөлгөн гранттык каражатка Бишкек - Ош автожолунда кар көчкүдөн коргой турган узундугу 460 метр келген тоннель курулмакчы. Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитети бул боюнча тийиштүү мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. 

Транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлүнүн айтымында, Жапониянын гранттык каражаты Бишкек - Ош авто жолунун 246-чакырымындагы кар көчкүдөн коргой турган тоннелдин курулушуна жумшалат. Бул багытта 38 миллион 200 миң доллар көлөмүндө грант бөлүнүүдө. Мындан сырткары, эл өкүлдөрү жол техникаларын тейлөө устаканаларын өркүндөтүүгө Жапониядан 4 миллион доллар алууну жактырды.